КӨМӨЛДҮРҮК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨМӨЛДҮРҮК - ат жабдыктарынын бир бөлүгү.
Мингичтин омуроосунан алып, бир учу ээрдин аттанар жагындагы чагаракка, башка учу экинчи жактагы тогоого бекитилип, үчүнчүсү мингичтин эки астынкы бутунун ортосунан өткөрүлүп, басмайылга бекитилүүчү кайыш.

Өр таяна бастырганда ат токулгасы артка жылып кетпес үчүн тагылат. Көмөлдүрүктүн олоң тили, жүрөкчөсү, учундагы кош сүзмөсү чагарактар аркылуу туташкан.
Көмөлдүрүктүн капталдары кайыштан чачыланып, үстү күмүш, жез, темир, коло купалар, чорлор, солондор менен аземделип кооздолгон. Кыз-келиндердин ээр-токумундагы көмөлдүрүк мыкты терилип согулган жана чачы чыгарылган сызмадан да жасалган.