КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ
КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ - Аму-Дарыянын жогорку агымындагы Ысар (Гиссар)-Алай кырка тоо этектерин камтыган аймак. 16-к-да кыргыздар Алай ж-а Каратегинди ээлеп, 17-к-дын 1-жарымында калмактардын кысымына байланыштуу (к. Кыргыз-калмак согуштары, Махмуд ибн-Вали) батышка Ысар-Көлөптү карай жылып, К. (К.) в. м-н чектешип калган. Натыйжада кыргыздар м-н коңшулаш К. (К.) в. ж-а Бухара хандыгынын ортосунда чек ара б-ча айрым келишпес мамилелер жаралган. 17-к-дын 20-жылдарынын аягында Балхтын бийлөөчусу Аштарханид Надир-Мухаммед Абд ар-Рахман аталык кыргыздарга кол салып, Алайга чейин жеткен. 17-к-дын аягында да калмак кысымынан улам кыргыздардын басымдуу бөлүгү Куляб аймагына көчүп кетишкен. Бул тууралуу калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө кирди» деген сөз калган. 18-к-да Бухара хандыгын караган бир вилайети да К. (К.) в. деп аталган.
Т.Асанов.