КӨК ЧӨП УНУ
КӨК ЧӨП УНУ – кургатылган чөптөн жасалма
жол м-н алынуучу витамин-белоктуу тоют. Эгилме көп жылдык беде м-н дан-буурчак
өсүмдүктөрүнүн аралашмасынан же бир жылдык буурчак, маш буурчак, судан чөбүнөн, о. эле кант кызылчасы м-н сабиз жалбырагынан
даярдалат. Бир га сугат жерден 10–15 т К. ч. у.
алынат. Ал чанактуу өсүмдүктөр тегиз сабактаганда, дан өсүмдүктөрү баш алар алдында чабылат. Сапаттуу даярдалган К. ч. у. протеинге
бай келип, 90–95% аш болумдуу заттан турат.
К.ч. у-н даярдоо жолу: чөп чабуу, майдалоо, кургатуу, унга айлантуу, бүртүктөө, идишке (негизинен кагаз кап) салуу. Ун кургак ж-а караңгы кампада сакталат. К. ч. у. мамл. стандарт б-ча 5 сортко бөлүнөт. 1-сорттогу 1 кг унда 230 мг, 2- сортунда 180 мг, 3-сортунда 150 мг, 4-сортунда 120 мг, 5-сортунда 80 мг каротин болот. К. ч. унда 12–20% протеин, 35% клетчатка бар. Бир
кг чөп унунда 0,7–0,8 тоют бирдиги болот. Аны
м-н малдын бардык түрүн тоюттандырат. Малга буулабай берилет.