КӨК ЧӨП УНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК ЧӨП УНУ – кургатылган чөптөн жасалма жол м-н алынуучу витамин-белоктуу тоют. Эгилме көп жылдык беде м-н дан-буурчак өсүмдүктөрүнүн аралашмасынан же бир жыл­дык буурчак, маш буурчак, судан чөбүнөн, о. эле кант кызылчасы м-н сабиз жалбырагынан даярдалат. Бир га сугат жерден 10–15 т К. ч. у. алынат. Ал чанактуу өсүмдүктөр тегиз сабакта­ганда, дан өсүмдүктөрү баш алар алдында ча­былат. Сапаттуу даярдалган К. ч. у. протеинге бай келип, 90–95% аш болумдуу заттан турат.
К.ч. у-н даярдоо жолу: чөп чабуу, майдалоо, кур­гатуу, унга айлантуу, бүртүктөө, идишке (неги­зинен кагаз кап) салуу. Ун кургак ж-а караңгы кампада сакталат. К. ч. у. мамл. стандарт б-ча 5 сортко бөлүнөт. 1-сорттогу 1 кг унда 230 мг, 2- сортунда 180 мг, 3-сортунда 150 мг, 4-сортунда 120 мг, 5-сортунда 80 мг каротин болот. К. ч. у­нда 12–20% протеин, 35% клетчатка бар. Бир кг чөп унунда 0,7–0,8 тоют бирдиги болот. Аны м-н малдын бардык түрүн тоюттандырат. Мал­га буулабай берилет.