КӨК-КАШАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-КАШАТ – Талас районундагы кыштак. Жер­ге-Тал айыл округуна караштуу. Талас суусу­нун боюнда, 1700 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Көк-Ой кыш-нан 24 км чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 120 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1902 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Турмуш­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүн­дөрү, ФАП иштейт. Кыштакта белгилүү комуз­чу Атай Огомбаев туулган.