КӨК-КАШАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-КАШАТ – Талас районундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Талас суусунун боюнда, 1700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 24 км чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 120 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1902 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, ФАП иштейт. Кыштакта белгилүү комузчу Атай Огомбаев туулган.