КӨЗ ТАҢМАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ ТАҢМАЙ – баамчылдыкты, шамдагайлык­ты талап кылган балдар оюну. Оюндун шарты б-ча бир баланын көзүн таңып, ортого коё бе­рет. Тегеректеген балдар көзү таңылуу баладан качат, бирок белгиленген чектен (чийимден) чыкпайт. Көзү таңылуу бала балдардын добу­шунан баамдап, бирөөнү кармоого аракеттенет. Ким кармалса, ошонун көзү таңылат да, оюн андан ары улантылат.