КӨЗ ТАҢМАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨЗ ТАҢМАЙ – баамчылдыкты, шамдагайлыкты талап кылган балдар оюну. Оюндун шарты б-ча бир баланын көзүн таңып, ортого коё берет. Тегеректеген балдар көзү таңылуу баладан качат, бирок белгиленген чектен (чийимден) чыкпайт. Көзү таңылуу бала балдардын добушунан баамдап, бирөөнү кармоого аракеттенет. Ким кармалса, ошонун көзү таңылат да, оюн андан ары улантылат.