КӨБҮК
КӨБҮК – дисперсиялык фазасы газ, чөйрөсү
суюктук же катуу заттан турган дисперсиялуу система. Газ бөлүкчөлөр өз ара кошулушпай, эркин түрүндө суюктукта сакталса, эмульсия катары каралат. К-тү пайда кылуу ж-а алуу үчүн идиштеги суюктукка газды (абаны) чачтыруу, бүркүү же идиштеги суюктукту катуу чайкоо, аралаштыруу керек. К-түн көбөйүшү суюктук аркылуу өтүп жаткан газдын ылдамдыгына жараша болот. Газдын ылдамдыгы жогорулаган сайын К. көбөйүп, ылдамдык 0,3–1 м/секга
жеткенде, суюктук-газ негизинен К-кө айланат. Суюктук кайнаганда бөлүнүп чыккан газдын же буунун жалпы дисперсиялык фазаны түзүшү да К. болуп саналат. К. туруктуу ж-а туруксуз болуп бөлүнөт. Туруктуу К. стабилизатор ж-а атайын көбүрткүч заттардын жардамы м-н алынат. Көбүрткүчтөр беттик активдүү заттар болушат ( мис., самын). Өнөр жайда, техникада, курулушта бетон, пластика, резина ж. б. материалдарды көбүк түрүндө колдонуу кенен таралган.
Өрт өчүрүүнүн айрым түрү да көбүктөнүүгө негизделген.