КӨБҮК
КӨБҮК – дисперсиялык фазасы газ, чөйрөсү суюктук же катуу заттан турган дисперсиялуу система. Газ бөлүкчөлөр өз ара кошулушпай, эркин түрүндө суюктукта сакталса, эмульсия катары каралат. Кобуктү пайда кылуу ж-а алуу үчүн идиштеги суюктукка газды (абаны) чачтыруу, бүркүү же идиштеги суюктукту катуу чайкоо, аралаштыруу керек. Кобуктүн көбөйүшү суюктук аркылуу өтүп жаткан газдын ылдамдыгына жараша болот. Газдын ылдамдыгы жогорулаган сайын кобук көбөйүп, ылдамдык 0,3–1 м/сек жеткенде, суюктук-газ негизинен кобуккө айланат. Суюктук кайнаганда бөлүнүп чыккан газдын же буунун жалпы дисперсиялык фазаны түзүшү да кобук болуп саналат. Кобук туруктуу ж-а туруксуз болуп бөлүнөт. Туруктуу кобук стабилизатор ж-а атайын көбүрткүч заттардын жардамы м-н алынат. Көбүрткүчтөр беттик активдүү заттар болушат ( мисалы, самын). Өнөр жайда, техникада, курулушта бетон, пластика, резина ж. б. материалдарды көбүк түрүндө колдонуу кенен таралган.
Өрт өчүрүүнүн айрым түрү да көбүктөнүүгө негизделген.