КӨБӨГӨНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБӨГӨНОВ Абдашым [1913, Чолпон-Ата болушу (азыркы, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл району), Кара-Ой айылы – 13. 11. 1992, Бишкек] –

драма артисти, режиссёр, драматург, Кыргыз ССР эл арт. (1967). Фрунзедеги рабфакта оку­ган. 1937-ж. Жумгал колхоз-совхоз театрын уюштурган. Нарын (1939– 46), Жалал-Абад (1948– 49), Ысык-Көл (1949–52) театрларында көркөм жетекчи ж-а актёр, 1946–48-ж. ж-а 1952-жыл­дан Кыргыз мамл. драма те­атрында актёр, 1974–76-ж. директор болуп иштеген. Ат­карган ролдору: Саринжи (К. Эшмамбетов, «Сарин­жи»), Курманбек, Аккан (К. Жантөшев, «Курман­бек»), Фрунзе (К. Маликов, «Бийик жерде»), Каренин (Л. Толстой, «Анна Карени­на») ж. б. К. комедиялык


Көбөгөнов А. – Каренин, Вронский – Н. Кытаев, Анна Каренина – З. Молдобаева. Л. Толстой. «Анна Карени­на». Кыргыз Мамл. академиялык драма театры. 1960.

курч образдарды да жараткан. Режиссёр ката­ры К. Эшмамбетовдун «Саринжи», Ж. Бөкөм­баевдин «Токтогул», К. Жантөшевдин «Курман­бек», Н. Гоголдун «Үйлөнүү», Р. Шүкүрбековдун «Акындын үмүтү», К. Маликовдун «Осмонкул» ж. б. спектаклдерди койгон. К. – «Туткун Ка­ныш», «Болот менен Тынар», «Алмагүл», «Ким элек», «Карагай-Булак» аттуу пьесалардын авто­ру. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.