КӨБӨГӨНОВ
КӨБӨГӨНОВ Абдашым [1913, Чолпон-Ата болушу (азыркы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району), Кара-Ой айылы – 13. 11. 1992, Бишкек] –


драма артисти, режиссёр, драматург, Кыргыз ССР эл артисти (1967). Фрунзедеги рабфакта окуган. 1937-жылы Жумгал колхоз-совхоз театрын уюштурган. Нарын (1939– 1946), Жалал-Абад (1948–1949), Ысык-Көл (1949–1952) театрларында көркөм жетекчи жана актёр, 1946–1948-жылдары жана 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр, 1974–1976-жылдары директор болуп иштеген. Аткарган ролдору: Саринжи (К. Эшмамбетов, «Саринжи»), Курманбек, Аккан (К. Жантөшев, «Курманбек»), Фрунзе (К. Маликов,
«Бийик жерде»), Каренин (Л. Толстой, «Анна Каренина») жана башкалар. Көбөгөнов комедиялык курч образдарды да жараткан.
Режиссёр катары К. Эшмамбетовдун «Саринжи», Ж. Бөкөмбаевдин «Токтогул», К. Жантөшевдин «Курманбек», Н. Гоголдун «Үйлөнүү», Р. Шүкүрбековдун «Акындын үмүтү», К. Маликовдун «Осмонкул» жана башка спектаклдерди койгон. Көбөгөнов – «Туткун Каныш», «Болот менен Тынар», «Алмагүл», «Ким элек», «Карагай-Булак» аттуу пьесалардын автору. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.