КУРЧУТКУЧ СТАНОК
КУРЧУТКУЧ СТАНО́К – кесүүчү аспаптарды жылмалап курчутуп, калыбына келтиргич. Тилкелүү, дисктүү жана тасмалуу араа, жонуучу бычак, фреза, ар кандай бургуларды жана кол аспаптарын курчутууда кеңири колдонулат. Кесүүчү аспап катары абразивдүү (кумдуу, кар-борунддуу, корунддуу ж. б.) курчуткуч тегерек кайрактар жана айрым учурда өгөө пайдаланылат. К. с. кол менен кыймылга келүүчү жана татаал автоматтык станокко чейин ар түрдүү болот. Констр-сы б-ча столго орнотулган, өзүнчө станинада бекитилме, ташылып жүрмө, универсалдуу болуп бөлүнөт.