КУРЧУТКУЧ СТАНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРЧУТКУЧ СТАНО́К – кесүүчү аспаптарды жылмалап курчутуп, калыбына келтиргич. Тилкелүү, дисктүү жана тасмалуу араа, жонуучу бычак, фреза, ар кандай бургуларды жана кол аспаптарын курчутууда кеңири колдонулат. Кесүүчү аспап катары абразивдүү (кумдуу, карборунддуу, корунддуу жана башкалар) курчуткуч тегерек кайрактар жана айрым учурда өгөө пайдаланылат. Курчуткуч станок кол менен кыймылга келүүчү жана та­таал автоматтык станокко чейин ар түрдүү бо­лот. Конструкциясы боюнча столго орнотулган, өзүнчө станинада бекитилме, ташылып жүрмө, универ­салдуу болуп бөлүнөт.