КУРОСАВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРОСАВА Акира (23. 3. 1910, Токио - 6. 9. 1998, Токио, Сетагая) - япон кинорежиссёру. 1928-35-ж. Токиодогу Иск-во академиясынан окуган. 1936-жылдан сценарист, режиссёрдун ассистенти, 1943-жылдан режиссёр. «Сугата Сансиро» деген туңгуч фильмине (1943) сценарий жазган. Аны дуйнѳгѳ тааныткан «Расёмон» фильми (1950) !Венеция кинофестивалында баш байгеге арзыган, 1951). Башка кѳрунүктуү фильмдери: «Кейбир» (1951, Ф. М. Достоевскийдики б-ча), «Жашоо» (1952), «Жети самурай» (1954, Венеция, Күмуш байге), «Арамзалардын сепили» (1957, У. Шекспирдин «Макбети» б-ча), «Түпкурдѳ» (1957, М. Горькийдики б-ча), «Жасоол» (1961), «Кызыл сакал» (1965), «Трамвай дѳңгѳлѳгунун ыргагы менен» (1970), «Дерсу Узала» (1975; Москвадагы ЭКФтин баш байгеси, 1975;

«Дерсу Узала» филь-минен кадр. Режис-сёр .Акира Куросава.1975.

АКШнын «Оскар» сыйл.; 1976). Бул фильмде С. Чокморов да тартылган. К. гуманизм идеаларына каныккан терең психол. фильмдери менен социалдык теңсиздикке, согушка каршы чыккан. Ал кино иск-восунун кѳркѳм каражаттарын чеберчилик менен пайдаланган жана дүйнѳлүк кинонун ѳнүгушүнѳ маанилуү салым кошкон. «Согуштун кѳлѳкѳсу» (1980, Канн ЭКФтин башкы сыйл.) жана «Ран» («Дүрбѳлѳң», "У. Шекспирдин «Король Лир» трагедиясынын мотиви б-ча, 1985) ж. б. фильмдерде К. баатырдыкты жана кѳпчулуктүн композициясын чеберчиликте айкалыштырган. Москвада (1979), Венецияда (1982) ЭКФтин юбилейлик сыйл., кино иск-вого кошкон салымы учүн «Оскар» сыйл. (1990) алган.


Ад.: Акира Куросава. М., 1977.