КУМ-АРЫК КӨРҮСТӨНҮ
КУМ-АРЫК КӨРҮСТӨНҮ – 3–6-к-да жашаган көчмөн урууларга таандык археол. эстелик. Чүй өрөөнүнүн Кум-Арык кыш-на жакын жердеги Кайнар-Булак коктусунда жайгашкан. 38 дөбө-мүрзө бар. Ар биринин диаметри 6–18 м, бийикт. 0,7–1, 5 м. Мүрзөлөрдүн көбүндө бирден, кээ биринде экиден адам сөөгү коюлган. Алар – антропол. жактан моңголоид аралашмасы бар европеоид тибиндеги адамдар. Дөбө-мүрзөлөрдү казуу убагында карапа идиш сыныктары, коло күзгүлөр, топчулар, сөөктөн жасалган бычак саптар, тогоолор, жүздөн ашуун ар кандай түстөгү шурумончоктор, бүркүт тырмагы, акак таш чөгөрүлүп кооздолгон алтын асем буюмдар, коло тыйын ж. б., ал эми б. з. ч. 6–4-к-га таандык бир мүрзөдөн үч коло жебе табылган. Казанактуу 31 мүрзөнү 1975-ж. археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.