КУМ-АРЫК КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМ-АРЫК КӨРҮСТӨНҮ – III–VI кылымдарда жашаган көчмөн урууларга таандык археологиялык эстелик. Чүй өрөөнүнүн Кум-Арык кыштагына жакын жердеги Кайнар-Булак коктусунда жайгашкан. 38 дөбө-мүрзө бар. Ар биринин диаметри 6–18 м, бийикт.иги 0,7–1, 5 м. Мүрзөлөрдүн көбүндө бирден, кээ биринде экиден адам сөөгү коюлган. Алар – антропологиялык жактан моңголоид аралашмасы бар европеоид тибиндеги адамдар. Дөбө-мүрзөлөрдү казуу убагында карапа идиш сыныктары, коло күзгүлөр, топчулар, сөөктөн жасалган бычак саптар, тогоолор, жүздөн ашуун ар кандай түстөгү шуру­-мончоктор, бүркүт тырмагы, акак таш чөгөрүлүп кооздолгон алтын асем буюмдар, коло тыйын жана башкалар, ал эми биздин заманга чейинки VI–IV кылымдарга таандык бир мүрзөдөн үч коло жебе табылган. Казанактуу 31 мүрзөнү 1975-жылы археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.