КОЧКОР – АК-ЖОЛ МЕЗОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР – АК-ЖОЛ МЕЗОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ – мезолит дооруна (б. з. ч. 8–7 миң жыл­дыктар) таандык археол. эстелик. Нарын обл­нун Ат-Башы р-нундагы Арпа өрөөнүнүн борб. бөлүгүндөгү Кочкор – Ак-Жол коктусунда жай­гашкан. Таштын cыныктары, жалпак таштар, таштын чордону табылган. 1968-ж. Кыргыз археол. экспедициясы (жетекчиси В. А. Ранов) ачкан.