КОЧКОР – АК-ЖОЛ МЕЗОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЧКОР – АК-ЖОЛ МЕЗОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ – мезолит дооруна (б. з. ч. 8–7 миң жылдыктар) таандык археол. эстелик. Нарын облнун Ат-Башы р-нундагы Арпа өрөөнүнүн борб. бөлүгүндөгү Кочкор – Ак-Жол коктусунда жайгашкан. Таштын cыныктары, жалпак таштар, таштын чордону табылган. 1968-ж. Кыргыз археол. экспедициясы (жетекчиси В. А. Ранов) ачкан.