КОТЛЯРЕВСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТЛЯРЕ́ВСКИЙ Иван Петрович [29. 8(9. 9). 1769, Полтава – 29. 10(10. 11). 1938, ошол эле жер] – украин жазуучусу. Полтавадагы диний семинарияда окуган (1780–89). 6 бөлүмдөн тур­ган «Энеида» поэмасы Украинада бир нече ирет басылган (1798, 1809, 1842). Чыгармаларында украин коомунун бардык катмарынын 18-к-дын аягы – 19-к-дын башындагы жашоо турмушу, салт-санаасы чагылдырылган. К. – «Наталка- Полтавка» (1819-ж. коюлган; Н. В. Лысенко­нун аты уйкаш операсы) ж-а «Сыйкырчы сол­дат» пьесаларынын автору. 1952-ж. Полтава­да мамл. адабий мемориал музейи ачылган. 1969-ж. туулган күнүнүн 200 жылдыгына кара­та мемориал комплекси түзүлгөн.