КОТЛЯРЕВСКИЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОТЛЯРЕ́ВСКИЙ Иван Петрович [29. 8(9. 9). 1769, Полтава – 29. 10(10. 11). 1938, ошол эле жер] – украин жазуучусу. Полтавадагы диний семинарияда окуган (1780–89). 6 бөлүмдөн турган «Энеида» поэмасы Украинада бир нече ирет басылган (1798, 1809, 1842). Чыгармаларында украин коомунун бардык катмарынын 18-к-дын аягы – 19-к-дын башындагы жашоо турмушу, салт-санаасы чагылдырылган. К. – «Наталка- Полтавка» (1819-ж. коюлган; Н. В. Лысенконун аты уйкаш операсы) ж-а «Сыйкырчы солдат» пьесаларынын автору. 1952-ж. Полтавада мамл. адабий мемориал музейи ачылган. 1969-ж. туулган күнүнүн 200 жылдыгына карата мемориал комплекси түзүлгөн.