КОРОЛЁВА Татьяна Станславна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРОЛЁВА Татьяна Станиславна (24. 8. 1962- ж. т., Фрунзе) – физик, физика-математика илимд. кандидаты (1996), КРдин илим ж-а тех­ника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (2000). ФПИни бүтүргөн (1984). КР УИА ФИде улуу ин­женер, кенже ж-а улуу ил. кызматкер (1987– 98), 1998-жылдан КР УИАнын Президенти­нин окумуштуу секретары. Конденсацияланган абалдын физикасы, радиациялык физика ж-а экология б-ча адис. 250дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монография, 5 окуу куралы, 17 патент­тин ээси.


Эмг.: Перенос энергии и динамика электронных возбуждений в кристаллах (в соавторстве). Екате­ринбург, 2001; Спектроскопия объёмных, волоконных и наноразмерных кристаллов LiF и NaF (в соавторстве). Екатеринбург, 2006; Люминесценция ионов урана в кристаллах фторида натрия (в соавторстве). М., 2008.