КОРОЛЁВА Татьяна Станславна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРОЛЁВА Татьяна Станиславна (24. 8. 1962- жылы туулган, Фрунзе) – физик, физика-математика илимдеринин кандидаты (1996), КРдин илим ж-а тех­ника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2000). ФПИни бүтүргөн (1984). КР УИА ФИде улук ин­женер, кенже ж-а улук илимий кызматкер (1987–98), 1998-жылдан КР УИАнын Президенти­нин окумуштуу секретары. Конденсацияланган абалдын физикасы, радиациялык физика ж-а экология боюнча адис. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичине 1 монография, 5 окуу куралы, 17 патент­тин ээси.

Эмг.: Перенос энергии и динамика электронных возбуждений в кристаллах (в соавторстве). Екате­ринбург, 2001; Спектроскопия объёмных, волоконных и наноразмерных кристаллов LiF и NaF (в соавторстве). Екатеринбург, 2006; Люминесценция ионов урана в кристаллах фторида натрия (в соавторстве). М., 2008.