КОРОВИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРО́ВИН Константин Алексеевич [23.11(5. 12). 1861, Москва – 11. 9. 1939, Париж] – орус жи­вописчиси. Москвадагы живопись, ийчилик ж-а зодчийлик окуу жайында (МЖИЗО) (1875– 86) окуган. 1882-ж. Петербург сүрөт академия­сын бүтүргөн. 1901–18-ж. МЖИЗОдо сабак бер­ген. Москва менчик опера театрында, Чоң театр­да ж. б. театрларда, көркөм, кызыктуу жасал­галарды жараткан. 1923-жылдан чет өлкөдө «Гранд-Опера» (Париж), «Ковент Гарден» (Лон­дон) ж. б. театрларда иштеген. Ал – орус живо­писиндеги пленэрдин көрүнүктүү чеберлеринин бири. Пейзаждык, портреттик ж-а жанрдык сүрөттөрдүн автору катары да таанымал («Түндүк

Ф. И. Шаляпиндин портрети, 1911. Орус музейи. Санкт-Петербург. идиллия», 1886; «Балкон жанында», 1888–89; «Кышында», 1894; баары Третьяков галереясы; Ф. И. Шаляпиндин портрети, 1911, Орус музейи, Санкт-Петербург ж. б.).


Ад.: Гусарова А. П. К. Коровин. Путь художника. Художник и время. М., 1990; Круглов В. Ф. Коровин: (Альбом). М., 1997.