КОРОВИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРО́ВИН Константин Алексеевич [23.11(5. 12). 1861, Москва – 11. 9. 1939, Париж] – орус жи­вописчиси. Москвадагы живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында (МЖИЗО) (1875–1886) окуган. 1882-жылы Петербург сүрөт академия­сын бүтүргөн. 1901–1918-жылдары МЖИЗОдо сабак бер­ген. Москва менчик опера театрында, Чоң театр­да жана башка театрларда, көркөм, кызыктуу жасал­галарды жараткан. 1923-жылдан чет өлкөдө «Гранд-Опера» (Париж), «Ковент Гарден» (Лон­дон) жана башка театрларда иштеген. Ал – орус живо­писиндеги пленэрдин көрүнүктүү чеберлеринин бири. Пейзаждык, портреттик жана жанрдык сүрөттөрдүн автору катары да таанымал («Түндүк

Ф. И. Шаляпиндин портрети, 1911. Орус музейи. Санкт-Петербург.

идиллия», 1886; «Балкон жанында», 1888–1889; «Кышында», 1894; баары Третьяков галереясы; Ф. И. Шаляпиндин портрети, 1911, Орус музейи, Санкт-Петербург жана башкалар).


Ад.: Гусарова А. П. К. Коровин. Путь художника. Художник и время. М., 1990; Круглов В. Ф. Коровин: (Альбом). М., 1997.