КОРНЕЙЧУК Александр Евдокимович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРНЕЙЧУ́К Александр Евдокимович [12 (25). 5. 1905, Киев губерниясы, Христиновка станция­сы (азыр Черкас обл-ндагы шаар) – 14. 5. 1972, Киев] – украин драматургу, коомдук ишмер, Украин ССР ИАнын (1939) ж-а СССР ИАнын (1943) академиги, Соц. Эмг. Баатыры (1967). Киев эл агартуу ин-тун бүткөн (1929). К. чыг­лыгын аңгеме жазуудан баштаган. 1929-ж. «Туюкта» деген туңгуч пьесасы жарык көргөн. К. – «Таш арал» (1930), «Чабуул» (1931), «Эс­кадранын кыйрашы» (1933), «Платон Кречет» (1934), «Чындык» (1937), «Богдан Хмельниц­кий» (1939), «Майдан» (1942), «Макар Дубрава» (1948), «Днепрде» (1960), «Жүрөк унутпайт» (1969) ж. б. драмалардын автору. СССР мамл. сыйл., (1941, 1942, 1943, 1949, 1951), Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн эл аралык Лениндик сыйл. (1960) лауреаты. 5 Ле­нин ордени м-н сыйланган.