КОРНЕЙЧУК Александр Евдокимович
КОРНЕЙЧУ́К Александр Евдокимович [12 (25). 5. 1905, Киев губерниясы, Христиновка станциясы (азыр Черкас облусундагы шаар) – 14. 5. 1972, Киев] – украин драматургу, коомдук ишмер, Украин ССР Илимдер академиясынын (1939) жана СССР Илимдер академиясыын (1943) академиги, Социалисттик Эмг. Баатыры (1967). Киев эл агартуу институтун бүткөн (1929). Корнейчук чыгармачылыгын аңгеме жазуудан баштаган. 1929-жылы «Туюкта» деген туңгуч пьесасы жарык көргөн. Корнейчук – «Таш арал» (1930), «Чабуул» (1931), «Эскадранын кыйрашы» (1933), «Платон Кречет» (1934), «Чындык» (1937), «Богдан Хмельницкий» (1939), «Майдан» (1942), «Макар Дубрава» (1948), «Днепрде» (1960), «Жүрөк унутпайт» (1969) жана башка драмалардын автору. СССР мамлекеттик сыйлыгынын, (1941, 1942, 1943, 1949, 1951), Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн эл аралык Лениндик сыйлыктын (1960) лауреаты. 5 Ленин ордени менен сыйланган.