КЫПЧАК ТИЛИ
КЫПЧАК ТИЛИ – куман, кыпчактардын тили. 10-к-дын орто ченинде Чыгыш Европада пайда болуп, чыгыш м-н батыштын аймактарына (Кара деңиз боюндагы талаалар, кийин Крым ж-а Балкан ж. а-нын бир бөлүгү) кеңири тараган. Түрк тилдеринин кыпчак тобунун кыпчакполовец топчосуна кирет. Огуз лексикасынан кирген сөздөр кездешет. Моңгол дооруна (11-к.– 13-к-дын 1-жарымы) чейинки куман же кыпчак тили ж-дөгү маалымат Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат-ит-түрк» аттуу эмгегинде берилген. Бул тилдин моңгол доорунан (13-к. –16-к-дын 2-жарымы) кийинки жазма даректе ри көбүрөөк белгилүү. 1828-ж. Г.-М. Клапрот басып чыгарган латын-фарсы-куман сөздүгү бар.