КИГАЛИ
КИГА́ЛИ – Руанда Респ-нын борбору. Виль-де- Кигали префектурасынын адм. борбору. Өлкөдөгү жалгыз ири шаар. Калкы 904,8 миң (2008). Жол тоому. К-ни Уганда, Бурунди ж-а Танзания м-н байланыштырат. Эл аралык аэропорту

бар. 1907-ж. негизделген. 1916-ж. чейин германиялык Чыгыш Африканын курамына, 1-дүйнөлүк согуштан кийин Бельгия ээлигинин курамына кирген. 1962-жылдын 1-июлунан Руанданын борбору. 1994-ж. Руанда тутси элин массалык кыруу (бир млнго жакын адам өлгөн) этнос аралык кагылышууларга алып келип, ал 1997-ж. чейин созулган. Статистика ж-а колдонмо экономика ин-ту (1975), Маалымат берүү ж-а улуттук архив кызматы (1979), ун-т, улуттук китепкана, геология музейи бар. К. соода (кофе, булгаары, бодо мал) ж-а ө. ж-нын ири борбору. Тамак-аш–татымал (пиво, алкоголсуз ичимдиктер, кофе, чай даярдалат), булгаарыбут кийим, текстиль (кебез-кездеме, жууркан ж. б.), эмерек, ширеңке, металл конструкция ө. ж. ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүгү (папирустун чийинен, пальманын буласынан токуу, бышырылган карападан ар кандай фигураларды жасоо) өнүккөн. Шаарда Африкадагы эң ири гелио орнотмо бар (2007; 250 кВт).