КОРЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙ ТИЛИ – корейлердин тили. Корей ж. а-на, КЭР, Япония, АКШ, Россияга тараган. Корей тили обочолонмо тилдердин бири. Анын пайда болушу жөнүндө түрдүү божомолдор бар. К. т-н оку­муштуулар тунгус-манжур тил тобуна кирерин далилдешкен. Корей тили 6 диалектиге бөлүнөт: түн.- чыгыш [Түн.-Чыгыш Кытайдагы корей говорун кошкондо], түн.-батыш, борб., түш.-чыгыш, түш.-батыш ж-а Чежудо аралынын диалекти.
Корей тили – агглютинациялама тил. 19-к-дын аягы­на чейин жазма адабий тили ханмун болгон. Корей адабий тили борб. диалектидеги сеул го­ворунун негизинде калыптанган.