КОРЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙ ТИЛИ – корейлердин тили. Корей жарым аралына, КЭР, Япония, АКШ, Россияга тараган. Корей тили обочолонмо тилдердин бири. Анын пайда болушу жөнүндө түрдүү божомолдор бар. Корей тилинин оку­муштуулар тунгус-манжур тил тобуна кирерин далилдешкен. Корей тили 6 диалектиге бөлүнөт: түндүк-чыгыш [Түндүк-Чыгыш Кытайдагы корей говорун кошкондо], түндүк-батыш, борбору түштүк-чыгыш, түштүк-батыш жана Чежудо аралынын диалекти.
Корей тили – агглютинациялама тили 19-кылымдын аягы­на чейин жазма адабий тили ханмун болгон. Корей адабий тили борбордук диалектидеги сеул го­ворунун негизинде калыптанган.