КОНСТРУКЦИЯЛЫК МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСТРУКЦИЯЛЫК МАТЕРИАЛДАР – констр-лардын (машиналардын, курулуштун ж. б. тех. объектилердин) күч келүүчү тетиктери даярдала турган материалдар. Ал материалдын сапатынын критерийине сырткы күчкө каршылык көрсөтүүсү – бекемдиги, илээшкектиги, чыдамдуулугу, катуулугу ж. б. кирет. К. м. жалпы түрүнө жараша металл, металл эмес ж-а композициялык; тех. иштелишине карата деформациялануучу, куюлма, желимделме, ширетилме; иштетилүү шартына карата төмөнкү темп-рада иштетилүүчү, ысыкка туруктуу, дат басууга, жешилүүгө, майга чыдамдуу ж. б. материалдарга бөлүнөт. К. м-дын көбү болоттон жасалат.


Ад.: Конструкционные материалы. Т. 1–3, М., 1963–65; Болтон У. Конструкционные материалы: металлы, сплавы, полимеры, керамика, композиты. 2-е изд. М., 2007.