КОНСТРУКЦИЯЛЫК МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСТРУКЦИЯЛЫК МАТЕРИАЛДАР – конструкциялардын (машиналардын, курулуштун жана башка техникалык объектилердин) күч келүүчү тетиктери даярдала турган материалдар. Ал материалдын сапатынын критерийине сырткы күчкө каршылык көрсөтүүсү – бекемдиги, илээшкектиги, чыдамдуулугу, катуулугу жана башкалар кирет. Конструкциялык материалдар жалпы түрүнө жараша металл, металл эмес жана композициялык; техникалык иштелишине карата деформациялануучу, куюлма, желимделме, ширетилме; иштетилүү шартына карата төмөнкү температурада иштетилүүчү, ысыкка туруктуу, дат басууга, жешилүүгө, майга чыдамдуу жана башка материалдарга бөлүнөт. Конструкциялык материалдардын көбү болоттон жасалат.


Ад.: Конструкционные материалы. Т. 1–3, М., 1963–65; Болтон У. Конструкционные материалы: металлы, сплавы, полимеры, керамика, композиты. 2-е изд. М., 2007.