КОРДОВА ХАЛИФАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РДОВА ХАЛИФАТЫ – Пиреней ж. а-ндагы мамлекет. Омейя Абд ар-Рахман I Аббасиддер­ден Испанияга качып келип, 756-ж. Кордова эмирлигин түзгөн. Эмирлик 9-к-дын аягында ай­рым феод. ээликтерге бөлүнүп кеткен. 929-ж. өзүн халиф деп жарыялаган Абд ар-Рахман III мам­лекеттин саясий биримдигин калыбына келти­рип, Кордованы көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган. Абд ар-Рахман III нүн мезгилинде К. х-нда 3000ден ашык мечит пайда болуп, жа­рым млндой калкы м-н мусулмандардын рухий борборуна айланган. К. х-нын Кордова, Гра­нада ж-а Севилье ш-нда укук, философия, ад-т, математика, медицина, астрономия, тарых ж-а география сабактарын окуткан мектептер салын­ган. К. х. 945-, 955-ж. Византияга, 955-, 969-ж. Германияга элчилерин жиберип, мамиле түзүп турган. 10-к. – К. х-нын гүлдөп турган мезги­ли. Шаарлардын, элдин саны көбөйүп, кеме куруу, тоо-кен ө. ж. өнүккөн. К. х. 11-к-дын башында феод. бүлгүнгө учурап, майда эмирлик­терге бөлүнүп кеткен. К. х-нын көрүнүктүү баш­каруучулары: Абд ар-Рахман III (912–61), аль- Хакам II (961–76), Хажиб Мухаммед ибн Абу Эмир аль-Мансур (976–1002).


Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская культура в Ис­пании. М.; Л., 1937; Леви–Провансаль Э. Арабская культура в Испании. М., 1967.