КОРДОВА ХАЛИФАТЫ
КО́РДОВА ХАЛИФАТЫ – Пиреней ж. а-ндагы мамлекет. Омейя Абд ар-Рахман I Аббасиддерден Испанияга качып келип, 756-ж. Кордова эмирлигин түзгөн. Эмирлик 9-к-дын аягында айрым феод. ээликтерге бөлүнүп кеткен. 929-ж. өзүн халиф деп жарыялаган Абд ар-Рахман III мамлекеттин саясий биримдигин калыбына келтирип, Кордованы көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган. Абд ар-Рахман III нүн мезгилинде К. х-нда 3000ден ашык мечит пайда болуп, жарым млндой калкы м-н мусулмандардын рухий борборуна айланган. К. х-нын Кордова, Гранада ж-а Севилье ш-нда укук, философия, ад-т, математика, медицина, астрономия, тарых ж-а география сабактарын окуткан мектептер салынган. К. х. 945-, 955-ж. Византияга, 955-, 969-ж. Германияга элчилерин жиберип, мамиле түзүп турган. 10-к. – К. х-нын гүлдөп турган мезгили. Шаарлардын, элдин саны көбөйүп, кеме куруу, тоо-кен ө. ж. өнүккөн. К. х. 11-к-дын башында феод. бүлгүнгө учурап, майда эмирликтерге бөлүнүп кеткен. К. х-нын көрүнүктүү башкаруучулары: Абд ар-Рахман III (912–61), аль- Хакам II (961–76), Хажиб Мухаммед ибн Абу Эмир аль-Мансур (976–1002).
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская культура в Испании. М.; Л., 1937; Леви–Провансаль Э. Арабская культура в Испании. М., 1967.