КООРДИНАТАЛАР
КООРДИНАТАЛАР м а т е м а т и к а д а – тегиздикте, бетте же мейкиндикте чекиттин (вектордун) абалын аныктоочу сандар. Түз сызыктагы, тегиздиктеги, мейкиндиктеги чекиттин абалын аныктоочу шарттар жыйындысы К. системасы деп аталат. Астр. ж-а геогр. К. – кеңдик ж-а узундук делинип пайдаланылган. 14-к-да фр. математик Н. Орем К-ды тегиздикте график түзүү

үчүн пайдаланган ж-а координата сызыктарын узундук ж-а кеңдик (азыркы абсцисса ж-а ордината) деп атаган. 17-к-да Р. Декарт К. методунун маанисин кеңири талдап, геом. маселелерди алг. ж-а матем. анализдин тилине которгон. Тегиздиктеги чекиттин тик бурчтуу (декарт) К-ынын (1-чийме) мааниси + же – белгилери м-н белгиленген өз ара перпендикуляр Ох ж-а Оу (К. октору) эки түз сызыгынан турат. М чекитинин координаталары ОМх (х, абсцисса) ж-а ОМу (y, ордината). Мейкиндиктеги К. системасын өз ара пер-

пендикуляр үч тегиздик аныктайт (2-чийме). Ага
салыштырмалуу алынган М чекитинин абалы х, у ж-а z (апликата) К-ы м-н аныкталат. О чекити эки учурда тең К. башталмасы деп аталат. Тегиздиктеги чекиттин уюлдук К-ы төмөнкүчө аныкталат: белгиленген О (уюл) чекитинен М чекитинин ОМ – r аралыгы ОМ ж-а ОР уюлдук огунун ортосундагы РОМ=q> бурчу б-ча бе-

рилет (3-чийме; r – ра диус-вектор, q> – уюлдук
бурч). Мейкиндикте - уюлдук К-дын аналогу (типтеши) болуп цилиндрдик К. ж-а сфералык К. кызмат кылат. Бетте ийри сызыктуу К. аныкталат (мис., георг.
К. – сферадагы узундук ж-а кеңдик).