КООРДИНАТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООРДИНАТАЛАР м а т е м а т и к а д а –тегиздикте, бетте же мейкиндикте чекиттин (вектордун) абалын аныктоочу сандар. Түз сы­зыктагы, тегиздиктеги, мейкиндиктеги чекит­тин абалын анык­тоочу шарттар жы­йындысы координаталар система­сы деп аталат. Астраномиялык ж-а географиялык координаталар – кең­дик ж-а узундук де­линип пайдаланыл­ган. 14-кылымда франциялык ма­тематик Н. Орем координаталарды тегиздикте график түзүү

1-чийме

үчүн пайдаланган ж-а координата сызыктарын узундук ж-а кеңдик (азыркы абсцисса ж-а ор­дината) деп атаган. 17-кылымда Р. Декарт координаталар ме­тодунун маанисин кеңири талдап, геометриялык масе­лелерди алгебралык ж-а математикалык анализдин тилине ко­торгон. Тегиздиктеги чекиттин тик бурчтуу (де­карт) координаталарынын (1-чийме) мааниси + же – белги­лери м-н белгиленген өз ара перпендикуляр Ох ж-а Оу (координата окто­ру) эки түз сызы­гынан турат. М чекитинин коор­динаталары ОМх (х, абсцисса) ж-а ОМу (y, ордина­та). Мейкиндик­теги коордитната система­сын өз ара пер-

2-чийме

пендикуляр үч тегиздик аныктайт (2-чийме). Ага салыштырмалуу алынган М чекитинин абалы х, у ж-а z (апликата) координатары м-н аныкталат. О чекити эки учурда тең координаталар башталмасы деп ата­лат. Тегиздиктеги чекиттин уюлдук к оординаталары төмөн­күчө аныкталат: белгиленген О (уюл) чекити­нен М чекитинин ОМ –r аралыгы ОМ ж-а ОР уюлдук огунун ортосунда­гы РОМ=q> бурчу боюнча бе-

3-чийме

рилет (3-чийме; r – радиус-вектор, q> – уюлдук бурч). Мейкиндикте - уюлдук координаталардын аналогу (типтеши) болуп ци­линдрдик координаталар ж-а сфералык координаталар кызмат кылат. Бетте ийри сызыктуу координаталар аныкталат (мисалы, георграфиялык координаталар – сферадагы узундук ж-а кеңдик).