КОНЧАЛОВСКИЙ Пётр Петрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЧАЛО́ВСКИЙ Пётр Петрович [9 (25). 2. 1876, Славянск Харьков губ. – 2. 2. 1956, Москва] – орус совет живописчи, РСФСР эл сүрөтчүсү (1946), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). СССР мамл. сыйл. (1943) лауреаты. К. – “Момундун валети» деген бирикмени негиздегендердин бири.

Композитор С. С. Про­кофьевдин портрети. 1934.

Алгач примитивизм м-н кубизмдин таасиринде жүргөн. Октябрь рев-ясынан кийин реалисттик жолго түшкөн. Ал ар түрдүү жанрда (портрет, сюжеттүү-тематикалык сүрөт, натюрморт, пейзаж) иштеген. Мыкты полотнолору: В. Э. Мейерхольддун портрети (1938), «А. Н. Толстой сүрөтчүнүн мейманы» (1941), «Ав­топортрет» (1953). К-дин «Сирень» (1933), «Каракурлар» (1939) өңдүү натюрморттору, «Түштө» (1947), «Чөп чабыктан» (1948) сыяктуу жанр­дык чыгармалары кайталангыс өзүнчөлүгү, ажардуулугу м-н айырмаланат. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.