КОНЧАЛОВСКИЙ Пётр Петрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЧАЛО́ВСКИЙ Пётр Петрович [9 (25). 2. 1876, Славянск Харьков губерниясы – 2. 2. 1956, Москва] – орус совет живописчи, РСФСР эл сүрөтчүсү (1946), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1943) лауреаты. П. Кончаловский – «Момундун валети» деген бирикмени негиздегендердин бири.

Композитор С. С. Про­кофьевдин портрети. 1934.

Алгач примитивизм менен кубизмдин таасиринде жүргөн. Октябрь революциясынан кийин реалисттик жолго түшкөн. Ал ар түрдүү жанрда (портрет, сюжеттүү-тематикалык сүрөт, натюрморт, пейзаж) иштеген. Мыкты полотнолору: В. Э. Мейерхольддун портрети (1938), «А. Н. Толстой сүрөтчүнүн мейманы» (1941), «Ав­топортрет» (1953). Кончаловскийдин «Сирень» (1933), «Каракурлар» (1939) өңдүү натюрморттору, «Түштө» (1947), «Чөп чабыктан» (1948) сыяктуу жанр­дык чыгармалары кайталангыс өзүнчөлүгү, ажардуулугу менен айырмаланат. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.