КОНТРАПУНКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРАПУ́НКТ (лат. punctus contra punctum – сөзмө-сөз чекитке каршы чекит дегенден) – 1) полифониянын эле өзү – карама-каршы обондордун айкалышуусу м-н мүнөздөлгөн көп үндүүлүктүн белгилүү бир түрү, о. эле көп үндүүлүктүн ушул түрүнө арналган ил. ж-а окуу предмети; 2) обондордун полифониялык, контра­пункттук кошулуусу. Эки же бир нече обондун К-у – доордун эстетикалык нормаларына төп келишкен иреттүү бүтүндүк (бирдиктүүлүк м-н контрасттуулуктун бир эле убакта айкалышы); 3) негизги обонду коштогон обон.