КОНТРАПУНКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРАПУ́НКТ (латынча punctus contra punctum – сөзмө-сөз чекитке каршы чекит дегенден) – 1) полифониянын эле өзү – карама-каршы обондордун айкалышуусу менен мүнөздөлгөн көп үндүүлүктүн белгилүү бир түрү, ошондой эле көп үндүүлүктүн ушул түрүнө арналган илимий жана окуу предмети; 2) обондордун полифониялык, контра­пункттук кошулуусу. Эки же бир нече обондун контрапункту – доордун эстетикалык нормаларына төп келишкен иреттүү бүтүндүк (бирдиктүүлүк менен контрасттуулуктун бир эле убакта айкалышы); 3) негизги обонду коштогон обон.