КОНЁНКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЁНКОВ Сергей Тимофеевич [28. 6(10. 7). 1874, азыркы Смоленск губ., Ельня уезди, Караковичи кыш. – 9. 10. 1971, Москва] – орус совет скульптору, Лениндик сыйл. (1957), СССР мамл. сыйл. (1951) лауреаты. СССР сүрөт академиясынын (СА) анык мүчөсү (1954), СССР эл сүрөтчүсү (1958), Соц. Эмг. Баатыры (1964). Москвадагы живопись, ийчилик (ваяние), зодчийлик окуу жайында (1892–96) ж-а Петербург САда

С. Конёнков – өзүнүн окуучусу Т. Садыков менен.

(1899–1902) окуган. «Искусство дүйнөсүнүн» экспоненти ж-а Орус сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Алгачкы чыгармаларында («Таш талкалоочу», коло, 1898, Третьяков галереясы; «Самсон», гипс, 1902, сакталбай калган) 1900-жылдардын ортосунан К. түзгөн фольклордук-жомоктук об­раздарды («Еруслан Лазаревич», 1913; Серпухов тарыхый-сүрөт музейи), байыркы ж-а Кайра жаралуу доорлорунун салтындагы телегейи тегиз адамдын жыгач тулкуларын, улуттук эстетикалык ж-а этикалык идеалды издөөгө байланышкан («Нике», мрамор, 1906, Третьяков га­лереясы) чыгармаларды жаратып, Бах, Пагани­ни сыяктуу улуу адамдардын портреттерин сомдогон. Сов. монументтик скульптуранын башатында турган «Элдердин ынтымагы жана боордоштугу үчүн күрөштө курман болгондорго» мемориалдык тактанын автору. К. 1923–45-ж. АКШда жашаган. К. негизинен портрет жанрында («А. М. Горький», коло, 1928, А. М. Горькийдин музейи, Москва; «И. П. Павлов», 1930; «Ф. М. Достоевский», 1933 – экөө тең гипс, Орус музейи; автопортрет, мрамор, 1954, Третьяков галереясы) иштеген. Кыргыз скульптору Т. Садыковдун чыг-лыгына таасир берген. Эки Ленин ордени ж-а медаль м-н сыйланган.


Ад.: Садыков Т. Крылья. М., 1976; Конёнков С. Т. Встречи. Воспоминания современников о скульпторе. М., 1980; Бычков Ю. А. Конёнков. 2-е изд. М., 1985.