КОНЁНКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЁНКОВ Сергей Тимофеевич [28. 6(10. 7). 1874, азыркы Смоленск губерниясы, Ельня уезди, Караковичи кыштагы – 9. 10. 1971, Москва] – орус совет айкелчиси, Лениндик сыйлыктын (1957), СССР мамлекеттик сыйлыктын (1951) лауреаты. СССР сүрөт академиясынын (СА) анык мүчөсү (1954), СССР эл сүрөтчүсү (1958), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1964). Москвадагы живопись, ийчилик (ваяние), зодчийлик окуу жайында (1892–96) жана Петербург сүрөт аеадемиясында (СА)

С. Конёнков – өзүнүн окуучусу Т. Садыков менен.

(1899–1902) окуган. «Искусство дүйнөсүнүн» экспоненти жана Орус сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Алгачкы чыгармаларында («Таш талкалоочу», коло, 1898, Третьяков галереясы; «Самсон», гипс, 1902, сакталбай калган) 1900-жылдардын ортосунан С. Конёнков түзгөн фольклордук-жомоктук об­раздарды («Еруслан Лазаревич», 1913; Серпухов тарыхый-сүрөт музейи), байыркы жана Кайра жаралуу доорлорунун салтындагы телегейи тегиз адамдын жыгач тулкуларын, улуттук эстетикалык жана этикалык идеалды издөөгө байланышкан («Нике», мармар, 1906, Третьяков га­лереясы) чыгармаларды жаратып, Бах, Пагани­ни сыяктуу улуу адамдардын портреттерин сомдогон. Советтик монументтик айкелдин башатында турган «Элдердин ынтымагы жана боордоштугу үчүн күрөштө курман болгондорго» мемориалдык тактанын автору. С. Конёнков 1923–1945-жылдары Америка Кошмо Штаттарында жашаган. С. Конёнков негизинен портрет жанрында («А. М. Горький», коло, 1928, А. М. Горькийдин музейи, Москва; «И. П. Павлов», 1930; «Ф. М. Достоевский», 1933 – экөө тең гипс, Орус музейи; автопортрет, мармар, 1954, Третьяков галереясы) иштеген. Кыргыз айкелчиси Т. Садыковдун чыгармачылыгына таасир берген. Эки Ленин ордени жана медаль менен сыйланган.


Ад.: Садыков Т. Крылья. М., 1976; Конёнков С. Т. Встречи. Воспоминания современников о скульпторе. М., 1980; Бычков Ю. А. Конёнков. 2-е изд. М., 1985.