КУРМАНОВ Таалай
КУРМАНОВ Таалай (22. 5. 1949-ж. т., Чүй обл., Чүй р-ну, Талды-Булак айылы) - сүрѳтчү, КРдин эл сүрѳтчүсү (2003), КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1991), Кыргыз мад-тынын мыкты кызматкери (2005), 1983-жылдан СССР жана Кыргыз CCP Сүрѳтчүлѳр союзунун мүчѳсү. Фрунзедеги кѳркѳм сүрѳт окуу жайын (1968), Ленинграддагы В. И. Мухина атн жогорку кѳркѳм ѳ. ж. окуу жайын бүтүргѳн (1976).

1971-жылдан респ., Бүткүл союздук жана эл аралык кѳргѳзмѳлѳрдүн катышуучусу.
1976-93-ж. КР сүрѳтчүлѳр союзунун Кѳркѳм сүрѳт фондунда эмгектенген. 1988-89-ж. Кыргыз мамл. басма к-инде башкы сүрѳтчү, 1998-жылдан КР Сүрѳтчүлѳр союзунун башкармасынын тѳрагасы.
К-дун чыг-лыгы живопись, станоктук графика, плакат, дизайн тармактарында бирдей ѳнүккѳндүгү менен ѳзгѳчѳлѳнѳт. К. китеп графикасында да жемиштүү эмгектенип, Р. Киплинг, Д. Дефо, Н. Гоголь, К. Жантѳшев, А. Тыныбеков, Ч. Айтматовдун чыгармаларын жана «Эр Тѳштүк», «Жаңыл Мырза», «Кожожаш» кенже эпосторун, С. Каралаевдин варианты

Курманов Т. Арноо -1 (Саякбай Каралаевге), 2001. б-ча «Манас» үчилтигинин 5 томдугун кѳркѳмдѳгѳн. К. Бишкектин борб. Аянтындагы жасалга эскиздеринин, календарлардын, «Манас» аэропортунун росписинин автору. Анын эмгектери жерг. жана чет ѳлкѳлүк (Казакстан, Россия, Германия, Франция, Италия, АКШ, Англия ж. б.) музейлерде сакталуу. К. Бүткүл дүйнѳлүк интеллектуалдык менчиктин алтын медалы, 3 жолу «Алтын мукаба» гран-приси менен сыйланган.