КУНДУЗ
КУНДУЗ (Lutra) – суусарлар тукумундагы кундуздар уруусуна кирген жаныбар. Дене уз. 70 см, салмагы 10 кгга жакын. Жылына 2 жолу 2–4төн тууйт. Балык ж. б. суу жаныбарлары менен азыктанат. Куйругу узун, буту кыска, манжалары жаргакча менен кошулган. Жону кара күрөң, боору агыш, жүнүнө суу жукпайт. Тышкы териси өтө баалуу. Өткөн кылымдын биринчи жарымында Түн. Кырг-нда Ысык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндө, Көкөмерен,

Нарын, Чаткал д-нда жашаган. Кийин К-дун саны өтө азайып кеткендиктен, Кырг-ндын Кы зыл китебине катталган.