КУНДУЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНДУЗ (Lutra) – суусарлар тукумундагы кундуздар уруусуна кирген жаныбар. Дене узундугу 70 см, салмагы 10 кгга жакын. Жылына 2 жолу 2–4төн тууйт. Балык ж. б. суу жаныбарлары менен азыктанат. Куйругу узун, буту кыс­ка, манжалары жаргакча менен кошулган. Жону кара күрөң, боору агыш, жүнүнө суу жукпайт. Тышкы териси өтө баалуу. Өткөн кылымдын биринчи жарымында Түндүк Кыргызстанда Ысык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндө, Көкөмерен,

Нарын, Чаткал дарыяларында жашаган. Кийин кундуздун саны өтө азайып кеткендиктен, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.