КУЛАН-САЙ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИ
КУЛАН-САЙ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИ – б. з. ч. 2-миң – б. з. 1-миң жылдыгына таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана жазуулар. Талас ш-нан 7 км түн.-чыгышта, Кыргыз Ала-Тоосунун түш. бөлүгүндөгү капчыгайда жайгашкан. Бул капчыгайдын экинчи аты жерг. жашоочулардын арасында Кулан же Чийим-Таш деп айтылган. Алар Кулан-Сайдын жээгиндеги түзөңдөргө жайгашып, бийикт. 1 мге жеткен таш, топурактар менен корумдалган. Таштардын бетине кишилердин, тоо эчкилердин, жырткыч айбанаттардын сүрөттөрү чеберчилик менен тартылган. О. эле аска бетинен 18 саптан турган согд жазуусу табылып, андан 100гө жакын түрк элдерине мүнөздүү эркек жана аял аттары кездешкен. К.-С. а. э-н Д. Ф. Винник, Ч. Жумагулов, В. А. Лившиц, Я. А. Шер изилдеген.