КУЛАН-САЙ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛАН-САЙ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИ – биздин заманга чейинки 2-миң – биздин замандын 1-миң жылдыгына таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана жазуулар. Талас шаарынан 7 км түндүк-чыгышта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк бөлүгүндөгү капчыгайда жайгашкан. Бул капчыгайдын экинчи аты жергиликтүү жашоочулардын арасында Кулан же Чийим-Таш деп айтылган. Алар Кулан-Сайдын жээгиндеги түзөңдөргө жайгашып, бийиктиги 1 мге жеткен таш, топурактар менен корумдалган. Таштардын бетине кишилердин, тоо эчкилердин, жырткыч айбанаттардын сүрөттөрү чеберчилик менен тартылган. Ошондой эле аска бетинен 18 саптан турган согд жазуусу табылып, андан 100гө жа­кын түрк элдерине мүнөздүү эркек жана аял аттары кездешкен. Кулан-Сай археологиялык эстеликтерин Д. Ф. Винник, Ч. Жумагулов, В. А. Лившиц, Я. А. Шер изилдеген.