КЕРКИ-ДӨҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРКИ-ДӨҢ – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төө-Моюн айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 645 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 50 км түштүк-батыш та­рапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 50 км. Кыш­так 1900-жылы негизделген. Калкы 1729 (2007); не­гизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, клуб бар.