КЕРКИ-ДӨҢ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕРКИ-ДӨҢ – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төө-Моюн айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 645 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 50 км түштүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 50 км. Кыштак 1900-жылы негизделген. Калкы 1811 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, клуб бар.